5-берене
Күчүндө · 30.03.2018 редакциясы
1. Ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланууга тийиш.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- "балага сүйүнчү" - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм 2018-жылдын 1-январынан тартып төрөлгөн балдарга дайындалат;
- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин колдонулуучу "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген шарттарда ар айлык жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдө 2017-жылы төрөлгөн балдарга "балага сүйүнчү" бир жолку төлөм, жөлөкпул дайындоо жөнүндө кайрылуу 2018-жылдын 30-июнунан кечиктирбестен берилгенде дайындалат;
- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин колдонулган "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген шарттарда жөлөкпул алган башталгыч кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын бюджеттик же контракттык суммасы кайрымдуулук ишинин алкагында жарандар жана юридикалык жактар тарабынан каржыланган контракттык негизде күндүзгү формада окуган студенттерге ар айлык жөлөкпул алар 18 жашка чыкканга чейин дайындалат;
- ушул Мыйзамда каралган үй-бүлөнүн жалпы кирешеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2018-жылдын 1-июлунан тартып дайындала турган пенсияны эсепке албай аныкталат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жээнбеков
Берененин тексти 30.03.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111766/st-5" title="5-берене - Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>