4-берене
Күчүндө · 30.03.2018 редакциясы
"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1049-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 20-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 4-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) ишкердик иштин маселелери боюнча консультация алуу;";
3) 8-берененин 6-бөлүгүндө "ай сайын, бирок 3 жылдан ашык эмес мезгилдин ичинде" деген сөздөр "3 жылдын ичинде, бирок 12 айдан ашпаган мезгилде ай сайын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 9-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 11-беренеде:
а) берененин аталышы "Жумушсуз жарандарды" деген сөздөрдөн кийин "жана жумуш издеген жарандарды" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацы "Жумушсуздарды" деген сөздөн кийин "жана жумуш издеген жарандарды" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункту "жумушсуздардын" деген сөздөн кийин "жана жумуш издеген жарандардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункту "жумушсуздун" деген сөздөн кийин "жана жумуш издеген жарандардын" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 2-бөлүгү "Жумушсуздарды" деген сөздөн кийин "жана жумуш издеген жарандарды" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 3-бөлүгү "Жумушсуз жарандарды" деген сөздөрдөн кийин "жана жумуш издеген жарандарды" деген сөздөр менен толукталсын;
д) 6-бөлүгү "жумушсуздар" деген сөздөн кийин "жана жумуш издеген жарандар" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 12-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 13-беренеде:
а) биринчи абзацында "Ыйгарым укуктуу" деген сөздөр "1. Ыйгарым укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды жумушсуз же жумуш издеген катары кайрадан каттоо ушул берененин 4 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, каттоодон чыгарылган учурдан тартып 6 айдан кийин жүргүзүлөт.";
8) 14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Эмгек рыногунун маалыматтык системасы
1. Эмгек рыногунун маалыматтык системасы - кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган юридикалык жана жеке жактар жөнүндө маалыматтарды камтыган мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык система.
2. Эмгек рыногунун маалыматтык системасын түзүү, калыптандыруу жана эксплуатациялоо тартиби, анын ичинде маалыматтык системадагы маалыматтарды коргоо боюнча талаптар, маалыматтардын тизмеги жана системада пайдаланылуучу документтердин формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.";
9) 16-беренеде:
а) 3-бөлүгү "тартылган жумушсуздардын" деген сөздөрдөн кийин "жана жумуш издеген жарандардын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 8-бөлүгүндө:
- биринчи сүйлөмү "жумушсуздар" деген сөздөн кийин "же жумуш издеген жарандар" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи сүйлөмү "эмгек келишими жумушсуз" деген сөздөрдөн кийин "жана жумуш издеген жарандар" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 9-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтарында "жумушсуздардын" деген сөз "жарандардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
Берененин тексти 30.03.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөЗакон · 03.08.2015 · № 214
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111766/st-4" title="4-берене - Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>