1-берене
Күчүндө · 21.02.2018 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 9, 334-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Фильмдин продюсери - республикалык бюджеттен каржыланган кино чыгаруучу уюмдарда мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардан тышкары, фильмди каржылоо, тартуу жана жүгүртүү демилгесин жана жоопкерчилигин өзүнө алган жеке же юридикалык жак.";
2) 5-статьянын 2-бөлүгү "цензурадан өткөрүүгө" деген сөздөрдөн кийин ", ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган учурларды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 6-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Фильмдин концепциясы учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууга; согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка; улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга; улуттук же тектик артыкчылыкты, сабырсыздыкты үгүттөөгө тийиш эмес. Фильмге порнографиялык мазмундагы сценаларды киргизүүгө жол берилбейт.".
Берененин тексти 21.02.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндөЗакон · 02.10.2001 · № 86
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111758/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>