Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 21-февралы № 25 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 10-январында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 9, 334-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Фильмдин продюсери - республикалык бюджеттен каржыланган кино чыгаруучу уюмдарда мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардан тышкары, фильмди каржылоо, тартуу жана жүгүртүү демилгесин жана жоопкерчилигин өзүнө алган жеке же юридикалык жак.";
2) 5-статьянын 2-бөлүгү "цензурадан өткөрүүгө" деген сөздөрдөн кийин ", ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган учурларды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 6-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Фильмдин концепциясы учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууга; согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка; улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга; улуттук же тектик артыкчылыкты, сабырсыздыкты үгүттөөгө тийиш эмес. Фильмге порнографиялык мазмундагы сценаларды киргизүүгө жол берилбейт.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндөЗакон · 02.10.2001 · № 86
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндөЗакон · 02.10.2001 · № 86
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.