3-берене. Кызыл Жарым Ай Коому
Күчүндө · 04.11.2022 редакциясы
1. Кызыл Жарым Ай Коому Кыргыз Республикасынын аймагында жардамдашуучу ролду аткаруучу жана гуманитардык, материалдык, медициналык, социалдык, психологиялык жана башка жардамдарды көрсөтүү жаатында мамлекеттик органдарга көмөктөшүүнү жүзөгө ашыруучу Кыймылдын жалгыз улуттук уюму деп таанылат.
Кызыл Жарым Ай Коому ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн жардамдын түрлөрүн тынчтык убакта, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын жана куралдуу чыр-чатактардын убагында көрсөтө алат.
2. Кызыл Жарым Ай Коому 1926-жылдын 6-октябрында түзүлгөн Кыргыз АССРнин Кызыл Крестинин укук мураскору жана Кыймылдын курамдык бөлүгү, ошондой эле Федерациянын толук укуктуу мүчөсү болуп саналат.
Берененин тексти 04.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111752/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>