2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 04.11.2022 редакциясы
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) гуманитардык иш - антропогендик кризистердин жана жаратылыш кырсыктарынын контекстинде адам өмүрүн сактоо, кыйынчылыктарын жеңилдетүү жана адамдын кадыр-баркын урматтоону камсыз кылуу, ошондой эле мындай кырдаалдардын алдын алуу жана аларга карата даярдыкты күчөтүү максатындагы иш. Ал жөнөкөй жарандарды жана согуш аракеттерине катышпаган адамдарды коргоону, ошондой эле тамак-ашты, сууну жана санитардык жардамды, башпаанекти, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жана алардын демейки жашоого кайтуусун жеңилдетүү үчүн жардамдын башка түрлөрүн берүүнү камтыйт;
2) волонтер - материалдык же каржы кызыкчылыктары үчүн же тышкы социалдык, экономикалык же саясий басымдын таасири алдында эмес, өз эрки менен аракеттенген жеке адам;
3) Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай эл аралык кыймылы (мындан ары - Кыймыл) - гуманитардык ишти кыйла натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдору тарабынан таанылган Кызыл Крест эл аралык Комитетинин, Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун Эл аралык Федерациясынын ортосундагы туруктуу өз ара аракеттенүүнүн уюштуруу формасы;
4) Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун Эл аралык Федерациясы (мындан ары - Федерация) - Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун гуманитардык ишин эл аралык координациялоо максатында түзүлгөн жана Кызыл Кресттин же Кызыл Жарым Айдын бардык коомдорунан турган эл аралык өкмөттүк эмес гуманитардык уюм.
Берененин тексти 04.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111752/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>