62-2-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары жана аймактык өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташуусу
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү жамаатка кыйла натыйжалуу жана ыкчам кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташа алат жана аларга белгилүү бир ыйгарым укуктарды, бюджеттик каражаттарды жана башка муниципалдык мүлктү өткөрүп берүүгө укуктуу.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташуусу төмөнкүлөргө ээ болушу мүмкүн:
1) бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же мамлекеттик органдын башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө келишиминин формасына;
2) биргелешкен финансылык макулдашуулардын формасына;
3) биргелешкен ишканалардын жана башка уюмдардын формасына;
4) мыйзамдарда тыюу салынбаган башка формаларга.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аймактык өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташууга укуктуу.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн кызматташуунун бардык формалары, ошондой эле ыйгарым укуктарды, бюджеттик каражаттарды жана муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү тийиштүү жергиликтүү кеңеш тарабынан жактырылган шартта жүзөгө ашырылышы мүмкүн.".
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
62-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111749/st-62-2" title="62-2-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>