62-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктары
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу жана ыкчам чечүүнү камсыз кылуу, ошондой эле өз аймагынын чектеринде экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу максатында муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктуу.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын гана компетенциясына кирген ыйгарым укуктардан тышкары, белгилүү бир ыйгарым укуктарын муниципалдык ишканаларга, коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле акцияларынын жарымынан көбү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык болгон акционердик коомдорго өкүлдөп берүүгө укуктуу.
3. Муниципалдык ишканалар жана коммерциялык эмес уюмдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети болуп саналган кызмат көрсөтүүлөр үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлөт.";
2) 10-глава төмөнкүдөй мазмундагы 62-1 жана 62-2-беренелер менен толукталсын:
"62-1-берене. Муниципалдык заказ
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга, муниципалдык заказды жүзөгө ашырууга жана ушул Мыйзамдын 18-беренесинде каралган башка ыйгарым укуктарды аткарууга укуктуу.
2. Муниципалдык заказ жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы мүмкүн. Муниципалдык заказды аткарууну өткөрүп берүү келишим боюнча жүргүзүлөт. Муниципалдык заказ жөнүндө келишим боюнча муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт.
3. Муниципалдык заказды каржылоо келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетинин же бюджеттен тышкары фонддорунун каражаттарынан жүзөгө ашырылат.
4. Тарифтерге көзөмөлдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында сактап калган шартта, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкка монополиялык кызмат көрсөтүүлөр катары берилүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (суу менен камсыз кылуу, канализация, жылуулук берүү жана башка кызмат көрсөтүүлөр) болгон белгилүү бир ыйгарым укуктарды муниципалдык ишканаларга, коммерциялык эмес мекемелерге, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу.
5. Муниципалдык заказдын субъектиси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө же болбосо мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте аныкталат.
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
62-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111749/st-62" title="62-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>