Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 11.01.2018 редакциясы
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7, 496-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген критерийлердин негизинде адамдарды сатуунун курмандыктарына адамдарды кошуу эрежелери; адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизми - бул адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам берүүгө жана аларды коргоого багытталган мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле адистештирилген мекемелердин иш-аракеттеринин жыйындысы;";
2) 6-статьяда:
а) 3-пунктунда:
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган"; пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: "миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган";";
б) 6-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу" деген сөздөр алып салынсын;
3) 7-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизмин түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу.";
4) 8-статьяда:
1-пунктта "Президенти" деген сөз "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын; 3 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"10-1. Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган адамдарды сатуунун алдын алууга, табууга жана болтурбоого катышат.";
6) IV глава төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-статья менен толукталсын:
"19-1-статья. Адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизми Адамдарды сатуунун курмандыктарын табуу, идентификациялоо, кайра жиберүү жана реабилитациялоо, адамдарды сатуунун курмандыктары менен болгон мамилелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдар, ошондой эле адистештирилген мекемелер менен өз ара аракеттенүүлөрү адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизминин алкагында жүзөгө ашырылат.";
7) 25-статьянын 1-пункту "өтүнмөсү боюнча" деген сөздөрдөн кийин ", адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизминин алкагында" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 11.01.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүүЗакон · 17.03.2005 · № 55
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111736/st-1" title="1-берене - Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>