9-берене
Күчүндө · 26.07.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Жазык-аткаруу кодексинин 73-беренесинин 7-бөлүгүнүн, 79-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун, 83-беренесинин 4-бөлүгүнүн, 99-беренесинин 4, 7-бөлүктөрүнүн, 128-130-беренелеринин, 133-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 163-беренесинин 1-3-бөлүктөрүнүн жоболору 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
2. Жазык-аткаруу кодексинин 125-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 127-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболору 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Жазык-аткаруу кодексинин 83-беренесинин 1-3-бөлүктөрүнүн жоболору (Бишкек, Ош, Каракол шаарларынан тышкары) 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4. Жазык-аткаруу кодекси колдонууга киргизилген күндөн тартып:
1) жазасын күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү колонияларында өтөө менен эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жазасынын өтөлө элек мөөнөтүн жалпы режимдеги колонияларда, Жазык-аткаруу кодексинин 79-беренесинин талаптарын сактоо менен өтөйт;
2) жазасын катаал режимдеги түзөтүү колонияларында өтөө менен эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жазасынын өтөлө элек мөөнөтүн катаал режимдеги колонияларда өтөйт;
3) жазасын өзгөчө режимдеги колонияларда өтөө менен эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жазасынын өтөлө элек мөөнөтүн өзгөчө режимдеги колонияларда өтөйт;
4) жазасын колония-жатактарда өтөө менен эркиндигинен ажыратууга соттолгондор, ошондой эле түзөтүү колонияларынан которулган соттолгондор жазасынын өтөлө элек мөөнөтүн жатак колонияларда өтөйт.
5. Соттолгонду Жазык-аткаруу кодекси күчүнө киргенге чейин кармоонун катаал шарттарына которгондо, соттолгондор жатаканаларда туруусун улантат.
6. Жазык-аткаруу кодексинин 80-беренесинин колдонулуусу Жазык-аткаруу кодекси мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин соттолгон адамдарга жайылтылбайт.
7. Жазык-аткаруу кодексинин 50-статьясынын 6-бөлүгүн кошпогондо, Жазык-аткаруу кодекси күчүнө киргенге чейин соттолгон адамдарга карата 1999-жылдын 13-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин жоболору колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 26.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин жоболору колдонулат.
алынып салынды: Көрсөтүлгөн адамдарга карата түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечими менен жүргүзүлөт.кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111703/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>