Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-06-27.
КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 23-ноябры № 193 Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 16-ноябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 62-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 62-статьяда:
а) статья "муз даярдоо" деген сөздөрдөн мурда "Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндөгү иш-аракеттерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:
"Ушул алып таштоолор Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө мурунку таасир этүүлөргө жайылтылбайт. Ушул сыяктуу иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду көз карандысыз экспертизанын натыйжаларын эске алуу менен, ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынат.";
2) 67-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында "Агым" деген сөздөн мурда "Ушул Кодекстин 62-статьясында каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 27.06.2025 · № 129
- Суу КодексиКодекс · 12.01.2005 · № 8 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 27.06.2025 · № 129
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 1994-VI "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 16.11.2017 · № 1994-VI · Күчүн жоготкон