1-берене
Күчүндө · 03.11.2017 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2774-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) экинчи абзацындагы "үрп адаттар," деген сөздөрдөн кийин "салттуу оюндар, спорттун улуттук түрлөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү жана жыйырма төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"салттуу оюндар - кыргыз элинин маданий, социалдык жана рухий баалуулуктарын эске алган улуттук салттардын негизинде тарых тарабынан калыптанган мелдешүүчүлүк иш-аракет формасындагы оюндар; спорттун улуттук түрү - адамды шайкеш өнүктүрүү, анын ден соолугун чыңдоо жана анын денебой жактан жигердүүлүгүн өркүндөтүү максатында коом тарабынан пайдаланылуучу, тарыхый жактан калыптанган жана кыргыз элинин маданиятынын курамдык бөлүгү катары түзүлгөн спорттун түрү.";
2) 3-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) салттуу оюндар, спорттун улуттук түрлөрү.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Кыргыз Республикасында спорттун улуттук түрлөрүнүн болушунун жана аларды өнүктүрүүнүн укуктук негиздери "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.".
Берененин тексти 03.11.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 163
- О национальных видах спортаЗакон · 19.04.2003 · № 84
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111695/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>