Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 3-ноябры № 188 "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 27-сентябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2774-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) экинчи абзацындагы "үрп адаттар," деген сөздөрдөн кийин "салттуу оюндар, спорттун улуттук түрлөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү жана жыйырма төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"салттуу оюндар - кыргыз элинин маданий, социалдык жана рухий баалуулуктарын эске алган улуттук салттардын негизинде тарых тарабынан калыптанган мелдешүүчүлүк иш-аракет формасындагы оюндар; спорттун улуттук түрү - адамды шайкеш өнүктүрүү, анын ден соолугун чыңдоо жана анын денебой жактан жигердүүлүгүн өркүндөтүү максатында коом тарабынан пайдаланылуучу, тарыхый жактан калыптанган жана кыргыз элинин маданиятынын курамдык бөлүгү катары түзүлгөн спорттун түрү.";
2) 3-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) салттуу оюндар, спорттун улуттук түрлөрү.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Кыргыз Республикасында спорттун улуттук түрлөрүнүн болушунун жана аларды өнүктүрүүнүн укуктук негиздери "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 163
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 163
- О национальных видах спортаЗакон · 19.04.2003 · № 84
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.