6-берене. Салык кызматынын органдарынын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Салык кызматынын органдары:
1) декларанттардын жана алар берген декларациялардын эсебин жүргүзөт;
2) берилген декларациялардагы маалыматтардын доонун эскирүү мөөнөтү ичинде салык мыйзамдарына ылайык сакталышын жана ушул Мыйзамга ылайык жарыяланууга жатпаган маалыматтардын жашырындыгын камсыз кылат;
3) декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды декларанттын кирешелери, чыгашалары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды чагылдыруунун аныктыгына жана толуктугуна карата иликтейт жана талдайт;
4) зарыл болгон учурда декларанттын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, чыгашалары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды берүү жөнүндө мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга, чет мамлекеттерге, жарандарга суроо-талаптарды жөнөтөт;
5) ар жыл сайын 1-октябрга чейин декларанттардын декларацияларды берүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет;
6) иши улуттук коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарды кошпогондо, саясий, атайын, жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий жана жогорку административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгашалары жана мүлктөрү жөнүндө жыйынды маалыматтарды расмий бюллетенге жарыялайт;
7) ведомстволук сайтта төмөнкүлөрдү жайгаштырат:
а) декларациянын формасын, аны толтуруунун тартибин, кирешелердин, чыгымдардын, мүлктүн жана милдеттенмелердин классификаторун;
б) ушул бөлүктүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар боюнча жыйынды маалыматтарды;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка ыйгарым укуктарды аткарат.
2. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан мамлекеттик кызмат орундарынын тизмеги, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар боюнча жыйынды маалыматтардын параметрлери, ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар боюнча маалыматтардын тизмеги, декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөөнүн жана талдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 токтому менен бекитилген "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын…Положение · 22.01.2018 · № 45
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 305 токтомуПостановление · 29.06.2018 · № 305
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 305 "Кирешелерди, чыгымдарды, милдеттенмелерди жана мүлктөрдү декларациялоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.06.2018 · № 305 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111671/st-6" title="6-берене - Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>