Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кирешелерди, чыгымдарды, милдеттенмелерди жана мүлктөрдү декларациялоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 16 декабря 2022 года № 687 "О мерах по реализации требований статьи 107 Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-06-29.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 29-июну № 305 Кирешелерди, чыгымдарды, милдеттенмелерди жана мүлктөрдү декларациялоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомунун редакциясына ылайык) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөө жана талдоо тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте 2018-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөө жана талдоо тартиби жөнүндө жобонун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн жана жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна аны өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Тиркеме "5-тиркеме Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке адамдын Бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөө жана талдоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыкты жана Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке адамдын Бирдиктүү салык декларациясында (мындан ары - Декларация) көрсөтүлгөн маалыматтарды мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке адамдын (мындан ары - Декларант) кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды көрсөтүүнүн тууралыгы жана толуктугуна карата иликтөө жана талдоо жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөө жана талдоо (мындан ары - Декларацияны талдоо) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт аяктаганда салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Декларацияны талдоо Декларант жөнүндө керектүү маалыматтарга ээ болгон мамлекеттик жана башка органдардан салык кызматы органдары алган маалыматтарды салыштыруу жолу менен Декларанттын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды көрсөтүүнүн тууралыгы жана толуктугуна карата текшерүүдөн турат.
3. Ыйгарым укуктуу салык органы төмөнкүлөрдүн Декларацияларына талдоо жүргүзөт:
1) саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын;
2) жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын;
3) дипломатиялык кызматтардын кызматкерлеринин;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын жана анын орун басарларынын.
4. Декларанттын салыктык катталган жери боюнча салык органы тарабынан төмөнкүлөрдүн Декларацияларына талдоо жүргүзүлөт:
1) төмөнкү адамдардын:
- администрациялык кызмат орундарын ээлеген;
- саясий, администрациялык муниципалдык кызмат орундарын ээлеген;
2) аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин.
2. Декларацияны талдоо
5. Декларацияны талдоо Декларанттын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды туура жана толук көрсөтүүгө карата жүргүзүлөт.
Талдоо Декларанттын мүлктүк абалы олуттуу өзгөргөн учурда (кирешелери, чыгымдары жана мүлкү көбөйгөндө жана (же) мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери азайганда) жүргүзүлөт. Декларанттын мүлктүк абалынын олуттуу өзгөрүшү деп, төмөнкүлөрдөн ашкан өлчөмдө алардын кирешелеринин, чыгымдарынын жана (же) мүлкүнүн көбөйүшү жана (же) алардын мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелеринин азайышы таанылат:
а) эсептик көрсөткүчтүн 1000 эселик өлчөмү - кирешелер боюнча;
б) эсептик көрсөткүчтүн 3000 эселик өлчөмү - чыгымдар боюнча.
Ошондой эле, мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдардан жана жеке адамдардан Декларанттын кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө маалыматтарга тийиштүү маалыматтар келип түшкөн учурда талдоо жүргүзүлөт.
6. Талдоонун жүрүшүндө салык кызматынын органдары:
1) зарыл болгон учурда Декларанттын кирешелери, чыгымдары, мүлктөрү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматты берүү жөнүндө суроо-талапты мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга, чет мамлекетке, жарандарга жөнөтүшү мүмкүн;
2) Декларанттан түшүндүрмөнү, кошумча материалдарды жана/же документтерди суратып алууга, алар түп нускасында жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдө берилиши керек. Материалдардын жана/же документтердин түп нускалары аларды салыштыруудан кийин Декларантка кайтарылышы керек.
7. Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органы талдоо материалдарын өткөрүп берүү жөнүндө корутундуну түзөт:
1) архивге сактоого - Декларацияда көрсөтүлгөн кирешелер, чыгымдар, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө маалыматтын тууралыгы жана толуктугу ырасталганда;
2) Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына - белгиленген мөөнөттөн кийин Декларация берилгенде же берилген Декларацияда толук эмес жана/же туура эмес маалыматтар бар экендиги ырасталса.
8. Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча Декларация белгиленген мөөнөттөн кийин берилсе же берилген Декларацияда толук эмес жана/же туура эмес маалыматтар бар болсо, салык кызматынын органдары ал адамдар тууралуу маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялашат.
3. Салык кызматынын органдарынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, чет мамлекеттер жана жарандар менен өз ара аракеттенүүсү
9. Зарыл болгон учурда салык кызматынын органдары Декларанттын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талапты жөнөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, чет мамлекеттер, жарандар менен өз ара аракеттенишет.
10. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Декларацияны талдоо үчүн зарыл болгон, суралып жаткан маалыматтарды беришет.
4. Маалыматтардын жашыруундуулугу
11. Салык кызматынын органдарына келип түшкөн "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык маалыматтардын жашыруундуулугун түзгөн маалыматтар сактоонун жана жетүүнүн атайын режимине ээ болушу керек, ал салык кызматы органынын жетекчисинин буйругу менен аныкталат.
12. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык маалыматтардын жашыруундуулугун түзгөн маалыматтарга жетүүгө салык кызматы органынын жетекчисинин буйругу менен аныкталган кызмат адамдарына гана уруксат берилет.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар…Постановление · 16.12.2022 · № 687
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 токтому менен бекитилген "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын…Положение · 22.01.2018 · № 45
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 токтому менен бекитилген "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын…Положение · 22.01.2018 · № 45
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар…Постановление · 16.12.2022 · № 687
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 164 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын…Постановление · 22.01.2018 · № 45 · Күчүн жоготкон