4-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2024 года № 74 О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
1) мамлекеттик жөлөкпул - "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 2-1-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, ушул Мыйзамга ылайык пенсиялык камсыз кылууга укугу жок балдарга жана адамдарга жөлөкпулдар жана бир жолку төлөөлөр түрүндө көрсөтүлүүчү мамлекеттик социалдык колдоо;
2) (КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) арыз ээси - өзүнө же болбосо анын камкорчулугу/көзөмөлчүлүгү алдында турган адамга, же болбосо жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык жол-жоболоштурулган ишеним кат боюнча мамлекеттик жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылган адам;
4) пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдар – "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 2-1-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, балдарды кошуп алганда, медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - МСЭК) тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам деп таанылган адамдар, балдар - ата-энесинен (ата-энелеринен) айрылган учурда, билим берүү уюмдарында - 23 жашка чейинки күндүзгү негизде окуган окуучулар, төмөнкү куракка жеткен адамдар: эркектер - 65 жаш, аялдар - 60 жаш, баатыр-энелер - 55 жаш;
5) толук мамлекеттик камсыз кылуу - мамлекеттик же муниципалдык мекемеде турган убакытта (мезгилде) адамдарга акысыз тамак-аш, акысыз кийим комплектисин жана бут кийим, акысыз жашоо берүү жана акысыз медициналык тейлөө же алардын толук наркынын ордун толтуруу;
6) алуучу - өзүнө же болбосо анын камкорчулугу/көзөмөлчүлүгү алдында турган адамга, же болбосо жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык жол-жоболоштурулган ишеним кат боюнча мамлекеттик жөлөкпул алган адам;
7) аз камсыз болгон үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси кепилденген эң төмөнкү кирешеден төмөн болгон үй-бүлө;
8) жарды үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси кедейчиликтин чегинен төмөн болгон үй-бүлө;
9) үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси - отчеттук мезгилдин ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн өндүрүштүк иштен алган кирешелер, менчигинен жана күндөлүк трансферттерден (ар айлык негизде берилүүчү материалдык жардам жана башка компенсациялык төлөмдөр) алган кирешелер түрүндөгү каражаттарынын суммасы;
Көңүл буруңуздар! КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн караңыз.
10) муктаждыкты аныктоо - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул дайындоо үчүн зарыл болгон үй-бүлөнүн кирешесинин бардык булактарын изилдөө.
(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2019-жылдын 24-январындагы № 18, 2024-жылдын 16-февралындагы N 48, 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 74 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 апреля 2024 года № 74 О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2024 года № 48 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О государственных пособиях в Кыргызской Республике")Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 января 2019 года № 18 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 марта 2018 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере социальной защиты"Редакцияларды салыштыруу
03.04.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…иштен алган кирешелер, менчигинен жана күндөлүк трансферттерден алынып салынды: (стипендиялар, кошулду: (ар айлык негизде берилүүчү материалдык жардам жана башка компенсациялык төлөмдөр) алган … № 33, 2019-жылдын 24-январындагы № 18, 2024-жылдын 16-февралындагы N алынып салынды: 48 кошулду: 48, 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 74 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту…Закон · 23.06.2026 · № 93
- Постановление Правительства КР от 31 октября 2013 года № 587 "О повышении уровня социальной защищенности малообеспеченных семей и усилении адресности ежемесячных пособий…Постановление · 31.10.2013 · № 587 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 408 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын…Постановление · 24.06.2015 · № 408 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 30.03.2018 · № 33
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111670/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>