31-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо принциптери
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 марта 2018 года № 33
Мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо төмөнкү принциптерге негизделет:
1) даректүүлүк - мамлекеттик жөлөкпулдарды конкреттүү алуучуларга алардын жеке өзгөчөлүктөрүн жана башка объективдүү себептерин (жашы, ден соолугунун абалы, жыйынды орто жандык кирешенин өлчөмү, багуучусунун жоктугу, мамлекеттик социалдык колдоого өтө муктаждык, оор турмуштук кырдаал) эске алуу менен берүү;
2) кепилдүүлүк - мамлекеттик жөлөкпулга укугу бар адамдарга аны милдеттүү түрдө дайындоо;
3) ачыктык/айкындык - мамлекеттик жөлөкпулдарды берүүдө ачык-айкындык механизмдерин жана жарандардын мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк түзгөн байланыш инструменттерин түзүү;
4) жоопкерчилик - мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан ушул Мыйзамдын бузулушуна мамлекеттин таасир этүү механизмдерин түзүү.
(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111670/st-31" title="31-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>