20-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 декабря 2017 года № 222 (27)
12018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпул дайындоо жана төлөө бөлүгүндө ушул Мыйзамдын 7, 11, 12, 13 жана 14-беренелеринин жоболорун кошпогондо, ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин мамлекеттик жөлөкпул алган адамдарда мурда дайындалган мамлекеттик жөлөкпул алуу укугу, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык жөлөкпул алууну тандоо укугу сакталаары белгиленсин.
Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин мамлекеттик жөлөкпул алууга документтерин тапшырган адамдарга, ушул Мыйзамга ылайык арыз кайра чакыртып алынган жана арыз берилген учурларды кошпогондо, мамлекеттик жөлөкпул ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин колдонуудагы мыйзамдын шарттарында дайындалат.
3. 2018-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1032-ст.);
- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 27-январындагы № 18 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 18-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 977-ст.) 4-беренеси;
- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 5-августундагы № 217 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1052-ст.);
- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-декабрындагы № 229 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 12, 1230-ст.);
- "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 Мыйзамынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) 20-беренесинин 6-бөлүгүнүн 17-пункту.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 3 айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү аткаруу тапшырылсын:
1) ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына таандык кылынган маселелер боюнча зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын;
2) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
(КР 2017-жылдын 28-декабрындагы № 222 (27) Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
2017-жылдын 21-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (7)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 02.07.2015 · № 142
- Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 28.12.2017 · № 222(27)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 29.12.2009 · № 318 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 18.12.2015 · № 229 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 05.08.2015 · № 217 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 27.01.2014 · № 18 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111670/st-20" title="20-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>