Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө тартиби
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 2-глава
1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жөнүндө кайрылуу арыз кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн ичинде каралат. Арызды кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.
Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоого арыздарды кароо мамлекеттик жөлөкпул дайындала турган арыз ээсинде жана адамдарда, ошондой эле арыз ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүндө - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулду, бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун , бир жолку "Бала Береке" төлөмүн жана "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулун дайындоодо идентификациялык жеке номери болгондо жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик жөлөкпулдар эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициенттер белгиленген калктуу конуштарда жашаган адамдар мамлекеттик жөлөкпул үчүн кайрылган учурларды кошпогондо, алуучунун кайрылган жери боюнча дайындалат.
Эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициенттер белгиленген калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) мамлекеттик жөлөпул жашаган/турган жери боюнча дайындалат. Эгерде ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) жашаган/турган жери боюнча каттоосу жок болсо, мамлекеттик жөлөкпул эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттерин эсепке албастан дайындалат.
3. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул, "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулу, бир жолку "Бала Береке" төлөмү жана "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулу бала (балдар) жөлөкпул алуучу менен чогуу жашаган учурда дайындалат.
4. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жана аларды дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди берүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуунун алкагында мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суралып алынуучу мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн зарыл болгон маалымат акысыз негизде берилет.
5. Эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөнүн райондук коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашаган адамдарга мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү, бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдөн, бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулунан жана бир жолку “Бала Береке” төлөмүнөн тышкары бул коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 10-июлундагы № 75, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53, 2024-жылдын 6-декабрындагы N 193, 2025-жылдын 24-октябрындагы № 232, 2026-жылдын 21-майындагы № 71 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 21 мая 2026 года № 71 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 октября 2025 года № 232 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 6 декабря 2024 года № 193 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 53 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике", "О правах и гарантиях реабилитированных граждан, пострадавших в результате репрессий за политические и религиозные убеждения, по социальным, национальным и другим признакам")Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 июля 2020 года № 75 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 марта 2018 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере социальной защиты"Редакцияларды салыштыруу
21.05.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алынып салынды: жана кошулду: , бир жолку алынып салынды: “Бала Береке” кошулду: "Бала Береке" төлөмүн кошулду: жана "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулун дайындоодо идентификациялык жеке номери болгондо жүзөгө ашырылат.
2. … жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул, алынып салынды: бийик кошулду: "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына алынып салынды: көмөк” кошулду: көмөк" ар айлык жөлөкпулу, бир жолку "Бала Береке" төлөмү жана "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулу алынып салынды: жана бир жолку “Бала Береке” төлөмү бала (балдар) кошулду: жөлөкпул алуучу менен чогуу жашаган учурда дайындалат.
4. Мамлекеттик … 53, 2024-жылдын 6-декабрындагы N 193, 2025-жылдын 24-октябрындагы № алынып салынды: 232 кошулду: 232, 2026-жылдын 21-майындагы № 71 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111670/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>