Аккаунтту тууралаңыз

102-берене. "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулун дайындоо

Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 2-глава

Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.

102-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?

ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.

Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.

Берененин өзгөртүүлөр тарыхы

Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.

  1. Закон КР от 24 октября 2025 года № 232 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
  2. Закон Кыргызской Республики от 6 декабря 2024 года № 193 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
24.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү

Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.

кошулду: "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулун дайындоо 1. Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашоочу жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап алар 3 жашка чыкканга чейин алардын социалдык-экономикалык абалына карабастан, "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулу дайындалат. 2. Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашоочу жарандар (үй-бүлөлөр), 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулду, үчүнчү жана андан кийинки ар бир баласына алар 3 жашка чыкканга чейин “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпулун кошпогондо, алар мамлекеттик жөлөкпулдун башка түрлөрүн алгандыгына карабастан, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алууга укуктуу. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы N 193, 2025-жылдын 24-октябрындагы № 232 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Документте редакцияларды толук салыштыруу

Беренени өз сайтыңызга кошуу

Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:

<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111670/st-102" title="102-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>