101-берене. Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпулду дайындоо
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 2-глава
1. Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул туулгандыгы тууралуу күбөлүктө ата-энеси жөнүндө маалымат киргизилбеген балдарга дайындалат.
Жөлөкпул аны дайындоо үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып, бала 16 жашка чыкканга чейин; жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларына - алар окууну аяктаганга чейин; кесиптик баштапкы окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын күндүзгү формасында окуган студенттерине - алар окууну аяктаганга чейин дайындалат, бирок алар 23 жашка чыккандан ашык эмес.
2. Баланы асырап алганда же ата-энесинин (ата-энелеринин) ата-энелик укугу калыбына келтирилгенде, жөлөкпулду төлөө баланы асырап алуу же ата-энелик укуктарын калыбына келтирүү жөнүндө сот чечим чыгарган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып токтотулат.
(КР 2020-жылдын 10-июлундагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
101-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 июля 2020 года № 75 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
10.07.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпулду дайындоо 1. Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул туулгандыгы тууралуу күбөлүктө ата-энеси жөнүндө маалымат киргизилбеген балдарга дайындалат. Жөлөкпул аны дайындоо үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып, бала 16 жашка чыкканга чейин; жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларына - алар окууну аяктаганга чейин; кесиптик баштапкы окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын күндүзгү формасында окуган студенттерине - алар окууну аяктаганга чейин дайындалат, бирок алар 23 жашка чыккандан ашык эмес. 2. Баланы асырап алганда же ата-энесинин (ата-энелеринин) ата-энелик укугу калыбына келтирилгенде, жөлөкпулду төлөө баланы асырап алуу же ата-энелик укуктарын калыбына келтирүү жөнүндө сот чечим чыгарган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып токтотулат. (КР 2020-жылдын 10-июлундагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111670/st-101" title="101-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>