9-берене. Медиаторго карата коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 14.11.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 256.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 166
1. Төмөнкү жеке адам медиатор боло алат:
1) 25 жаш курагына чыккан:
2) жогорку билими бар;
3) медиация боюнча кошумча билим алуунун жыйынтыгы боюнча сертификат алган;
4) ушул Мыйзамга ылайык медиатордун күбөлүгүн алган.
2. Төмөнкүлөр медиатор боло албайт:
1) мамлекеттик же муниципалдык кызматчы;
2) аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылган адам;
3) соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алынбаган адам.
3. Медиатордун төмөнкүлөргө укугу жок:
1) медиациянын жүрүшүндө кайсы бир тараптын өкүлү болууга, ошондой эле өзү медиатор болгон талаш жана жазык иши боюнча соттук териштирүүдө же бейтарап териштирүүдө кайсы бир тараптын өкүлү же жактоочусу болууга;
2) эгерде тараптар башка тууралуу макулдашышпаса, медиациянын кайсы бир тарабына талаш боюнча консультациялык жардам көрсөтүүгө.
(КР 2023-жылдын 8-августундагы N 166 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 166 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О медиации"Редакцияларды салыштыруу
08.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кайсы бир тараптын өкүлү болууга, ошондой эле өзү медиатор болгон алынып салынды: талаш, жоруктар жөнүндө иш кошулду: талаш жана жазык иши боюнча соттук териштирүүдө же бейтарап териштирүүдө … кайсы бир тарабына талаш боюнча консультациялык жардам көрсөтүүгө.
кошулду: (КР 2023-жылдын 8-августундагы N 166 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111668/st-9" title="9-берене - Медиация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>