23-берене. Медиацияны токтотуу
Күчүн жоготкон · 14.11.2025 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 256.
Медиация төмөнкү учурларда токтотулат:
1) тараптар медиациялык келишимге кол койгондо - мындай макулдашууга кол коюлган күндөн тартып;
2) талашты медиация жолу менен жөнгө салуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар медиатор тарабынан белгиленгенде - мындай жагдайлар белгиленген күндөн тартып;
3) талашты медиация жолу менен жөнгө салуу мүмкүн эместигине байланыштуу медиациядан бир, бир нече же бардык тараптар жазуу жүзүндө баш тартканда - тараптар жазуу жүзүндөгү баш тартууга кол койгон күндөн тартып;
4) тараптардын бири медиацияны улантуудан жазуу жүзүндө баш тартканда - жазуу жүзүндөгү баш тартуу медиаторго жана башка тарапка жөнөтүлгөн күндөн тартып;
5) медиация жүргүзүүнүн мөөнөтү бүткөндө - ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен бул мөөнөт бүткөн күндөн тартып;
6) жеке жак болуп саналган тараптардын бири каза болгондо же юридикалык жак болуп саналган тараптардын бири жоюлганда - жеке жак каза болгон күндөн тартып же юридикалык жактын ишин кыскартуу катталган күндөн тартып.
Берененин тексти 14.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111668/st-23" title="23-берене - Медиация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>