22-берене. Медиациялык макулдашуу
Күчүн жоготкон · 14.11.2025 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 256.
1. Медиациялык макулдашуу медиация жүргүзүү жол-жобосунун жыйынтыктары боюнча медиация тараптарынын ортосунда жазуу жүзүндө түзүлөт.
2. Медиациялык макулдашууда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) макулдашуу түзүлгөн дата жана жер;
2) талаштын тараптарынын фамилиясы, аты жана атасынын аты же аталышы;
3) талаштын тараптарынын өкүлдөрүнүн фамилиясы, аты жана атасынын аты же аталышы алардын ыйгарым укуктарын ырастоочу документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен;
4) талаш предметинин сыпатталышы;
5) медиация жол-жобосун жүргүзүүгө катышкан медиатордун же медиаторлордун фамилиясы, аты жана атасынын аты;
6) макулдашуунун шарттары, аларды аткаруунун ыкмалары жана мөөнөттөрү жана аларды аткарбоонун же талаптагыдай эмес аткаруунун кесепеттери;
7) мыйзамдардын талаптарына каршы келбеген башка шарттар.
3. Медиациялык макулдашуу тараптардын каалоосу боюнча нотариус тарабынан же нотариат жөнүндө мыйзамдарга ылайык нотариаттык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан ырасталышы мүмкүн.
4. Медиациялык макулдашуунун негизинде сот же бейтарап сот процесстик мыйзамдарга же бейтарап соттун колдонула турган эрежелерине ылайык жарашуу келишимин беките алат.
5. Медиация тараптары медиациялык макулдашуунун шарттарын аткаруу үчүн нотариустун аткаруу жазуусун жүргүзүүнү медиациялык макулдашууда кароого укуктуу.
Берененин тексти 14.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111668/st-22" title="22-берене - Медиация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>