28-берене. Судьялардын тартип жоопкерчилиги
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138.
1. Судья тартип бузган жосун жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартылат.
2. Судьянын өз кызматтык милдеттерин аткаруудагы, же болбосо кызматтан тышкары иштериндеги айыптуу аракети же аракетсиздиги тартип жосуну деп таанылат, алар төмөнкүлөрдөн билинет:
1) сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту айкын жана одоно бузганда;
2) судьянын Абийир кодексин одоно бузганда;
3) кеңешүүчү бөлмөнүн сырларын же иш жабык сот жыйынында каралганда судьяга белгилүү болгон сырларды ачыкка чыгарганда;
4) сот адилеттигин жүргүзүүдө же мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруудагы анын ишине кийлигишүүлөрдүн ар кандай түрлөрү, ошондой эле мыйзамда каралбаган ар кандай башка кийлигишүүлөр тууралуу Судьялар кеңешине мыйзамда белгиленген тартипте билдирбей койгондо;
5) өз мүлкүн, кирешелери менен чыгашаларын өз убагында декларациялабаганда жана бербегенде, мында ага билип туруп жалган маалыматтарды чагылдырганда;
6) сот ишинде терс кесепеттерге алып келген эмгек тартибинин эрежелерин одоно бузганда;
7) ушул конституциялык Мыйзамдын 51-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган судьяга коюлуучу башка талаптарды одоно бузганда.
3. Эгерде мыйзамды одоно бузууга жол берилбесе, сот актысын жокко чыгаруу же өзгөртүү судьяны тартип жоопкерчилигине тартууга алып келбейт.
4. Судьяны тартип бузган жосунду жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартуу төмөнкүдөй тартип жазасынын түрүнүн бирин колдонууга алып келет:
1) алдын ала эскертүү;
2) эскертүү;
3) сөгүш берүү;
4) судьяны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу.
Ар бир тартип бузган жосун үчүн жасалган жосундун мүнөзүн, аны жасаган жагдайларды жана кесепеттерин, тартип жосунун жасаган судьянын күнөөсүнүн формасын, ким экендигин, судьянын аракеттери (аракетсиздиги) аркылуу жеке (юридикалык) жактардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары канчалык даражада бузулгандыгын эске алуу менен бир гана тартип жазасы көрүлөт. Эгерде судья ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган тартип жазасы күчүндө турган мөөнөттүн ичинде, тиешелүү тартип жазасы көрүлгөндөн кийин жаңы тартип жосунун жасабаса, судья тартип жоопкерчилигине тартылган жок деп эсептелет.
5. Судьяга алдын ала эскертүү судьянын аракеттерине (аракетсиздигине) карата оозеки сөгүш берүү, ал эми эскертүү жана сөгүш - судьянын аракеттерине (аракетсиздигине) карата жазуу жүзүндөгү сөгүш берүү аркылуу жасалат.
Алдын ала эскертүүнүн күчү алты ай мөөнөттү, эскертүү - тогуз ай мөөнөттү, сөгүштүкү - он эки ай мөөнөттү түзөт. Алдын ала эскертүү, эскертүү же сөгүш Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы тарабынан колдонулган тиешелүү тартип жазасынын мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин алып салынышы мүмкүн. Аларды алып салуунун тартиби "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
6. Судьяны тартип бузган жосун жасагандыгы үчүн ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу өзгөчө учурларда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечими менен ырасталган, судьянын кынтыксыздык талаптарын бузгандыгы үчүн тартип жазасынын эң катуу чарасы катары колдонулат.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн негиз боюнча Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары ээлеген кызмат ордунан Президенттин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан, ал эми жергиликтүү соттордун судьялары - Президент тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.
7. Судьяны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жоопкерчилигине тартуунун тартиби бузулган учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечими сотко даттанылышы мүмкүн.
Судьяга карата тартип жазасынын башка түрүн колдонуу жөнүндө Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимдери даттанууга жатпайт. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттун судьяларын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин, Президенттин чечимдери даттанууга жатпайт.
8. Судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу тартиби "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет.";
16) 29-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
17) 30-беренеде:
а) 1-бөлүктөгү "маселе боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктө:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын макулдугу менен Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча жол берилет."; экинчи абзацтагы "Судьялар кеңешине" деген сөздөр "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Судьяны сот тартибинде берилүүчү администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына сунуштаманы тиешелүү мамлекеттик орган киргизет.";
г) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
д) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Эгерде сунуштамадагы жүйө-далилдер судья судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жатканда карманган позицияга негизделген болсо, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судьяны сот тартибинде берилүүчү жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштаманы канааттандыруудан баш тартат.";
е) 7-бөлүктөгү "Судьялар кеңеши" деген сөздөр "Ошол эле негиздер боюнча Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ж) берене төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-бөлүктөр менен толукталсын:
"8. Ыйгарым укуктары токтотулган судьялар ушул беренеде белгиленген тартипте судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде жасашкан жосундары үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышат.
9. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын судьяны сот тартибинде салынуучу жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө чечими даттанылбайт.";
18) 33-беренеде:
а) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "1-бөлүгүнүн 4-пунктунда" деген сөздөр "11-бөлүгүнүн 9-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 11-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык ыйгарым укуктары токтотулган адамдарга, судьялык стажы жыйырма жана андан көп жыл болсо; ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 11-бөлүгүнүн 3 жана 7-пунктуна ылайык; жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу; судьялык стажы он беш жана андан көп жыл болсо ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн өткөндүгүнө байланыштуу судья болуп иштеген ар бир толук жыл үчүн акыркы кызмат орду боюнча төлөнгөн орточо бир айлык эмгек акынын эсебинде, бирок анын бир жылдык эмгек акысынан кем эмес бир жолку жөлөкпул төлөнөт.";
19) 35-беренеде:
а) 23-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 25-бөлүктө:
экинчи абзацтагы "271-беренесинин," деген сөздөр алып салынсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Ушул конституциялык Мыйзамдын 271-беренесин колдонуу ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин пайда болгон мамилелерге жайылтылат.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-бөлүктөр менен толукталсын:
"6. Ушул конституциялык Мыйзамдын 211-беренесинин 31, 32-бөлүктөрү көрсөтүлгөн бөлүктөрдө айрым аракеттерди жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын жөнгө салган Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.
7. Полиграфологиялык изилдөөдөн өтүүнүн тартиби аны ишке ашыруу үчүн көз карандысыз уюмдарды милдеттүү түрдө тартуу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү процессине жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетүүсүн камсыз кылуу менен Өкмөт тарабынан белгиленет.".
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 147 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111655/st-28" title="28-берене - Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>