1-берене
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 51-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
2-пунктундагы ", ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын мыйзамда белгиленген этикасын" деген сөздөр алып салынсын; 6-пунктундагы "тиешелүү сотто белгиленген" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктө:
1-пунктундагы "ишенимдүү адамы же" деген сөздөр алып салынсын; 4-пунктундагы "алынган белектерди пайдаланууга" деген сөздөр "берилген белектерди пайдаланууга" деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-пунктундагы ", башка коомдук бирикмелердин жана башка уюмдардын" деген сөздөр алып салынсын; 9-пунктунда:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тийиштүү соттун төрагасы менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнүүчү педагогикалык, илимий, эксперттик жана чыгармачылык иштерден. Көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашыруу судьянын иштеген жери боюнча аткарган ишинин санына жана сапатына таасир этпеши керек;";
- үчүнчү абзац "(мындан ары - Судьяларды тандоо кеңеши)" деген сөздөрдөн кийин ", Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 52-берененин 1-бөлүгүндө:
а) үчүнчү абзацындагы "жана Судьяларды тандоо кеңешине" деген сөздөр ", Судьяларды тандоо кеңешине жана Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
в) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгына талаптардын бузулгандыгы жөнүндө ага каршы кандай гана айыптоолор болбосун төгүндөөнү же алардын негизсиздигин таанууну талап кылууга;";
3) 54-берене төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"54-берене. Судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди окутуу "1. Судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди окутууну Сот адилеттигинин жогорку мектеби жүзөгө ашырат. Судьянын кызмат ордуна талапкер болушкан адамдар бир жылга чейинки мөөнөттөгү окуудан өтүүгө тийиш, бул мезгилдин аралыгында ага иш орду боюнча эмгек акысы сакталбаган эмгек өргүүсү берилет. Окуу аяктаганда квалификациялык экзамен өткөрүлөт.
2. Судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди окутуудан өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Жогорку соттун төрагасы жана Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.";
4) 6-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Судьянын бийик наамы менен коошпогон, ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартип жосунун (жосундарын) олуттуу, же болбосо системалуу жасоо кынтыксыздык талаптарын бузуу деп түшүнүлөт.";
5) 12-берененин 1-бөлүгүндөгү "Судьяга таасир кылууга" деген сөздөр "Судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишине кийлигишүүгө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 14-берененин 2-бөлүгү "Судья" деген сөздөн кийин ", анын ичинде" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 17-беренеде:
а) 2-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Экзамен талапкерлердин окуусунун жыйынтыктары боюнча тапшырылат.";
б) 4-бөлүктүн бешинчи абзацындагы "туруктуу өкүлүнүн" деген сөздөр "өкүлчүлүгүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
8) 19-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 211-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31 жана 32-бөлүктөр менен толукталсын:
"31. Талапкер судья болуп дайындалган учурда өзүнүн телефондук сүйлөшүүлөрүн угууга жазуу жүзүндө макулдук берет.
32. Талапкер өзүнүн полиграфологиялык изилдөөдөн өткөндөгүнүн натыйжаларын кошумча берүүгө укуктуу. Анын натыйжаларын баалоонун тартиби Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.";
10) 23-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 4-пунктундагы "жана Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан талапкерлиги Президентке киргизилген" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-4 жана 6-бөлүктөрдөгү ар кандай жөндөмө формаларындагы "Судьяларды тандоо кеңеши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Судьялар кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 5-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5-ГЛАВА. СУДЬЯНЫ КЫЗМАТТАН ЧЕТТЕТҮҮНҮН, ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ТОКТОТУУНУН НЕГИЗДЕРИ ЖАНА ТАРТИБИ";
12) 25-беренеде:
а) берененин аталышындагы "четтетүү" деген сөз "убактылуу четтетүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берген учурда, ал кызмат ордунан убактылуу четтетилет (судьянын милдеттерин аткаруудан четтетилет). "2. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берилген учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы аны Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу сунушту андан ары Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн Президентке, жергиликтүү соттун судьясы боюнча сунушту - Президенттин кароосуна киргизет.";
в) 3-бөлүктө "четтетүү" деген сөз "убактылуу четтетүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-бөлүктө:
"Кызматынан" деген сөздөн кийин "убактылуу" деген сөз менен толукталсын; "четтетүү жөнүндө" деген сөздөр "убактылуу четтетүү жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 26-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 27-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы жана 1-5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Судьянын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:
1) отставкага кеткендиги тууралуу кат жүзүндө арыз берилгенде;
2) жеке каалоосу боюнча кат жүзүндө арыз берилгенде;
3) ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жөндөмсүздүгү медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталганда;
4) Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы жергиликтүү соттун судьясы болуп дайындалганда; жергиликтүү соттун судьясы Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланганда;
5) сот адилеттигин жүзөгө ашыруу менен байланышпаган башка жумушка өткөндө;
6) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же жарандыгынан чыкканда, же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;
7) судьянын эмгекке жарактуулугу чектелгендиги жөнүндө же аны эмгекке жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
8) ал өлгөндө;
9) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аны өлдү деп жарыялаганда;
10) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аны дайынсыз жок деп тааныганда;
11) жергиликтүү соттун судьясы ушул конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча башка жергиликтүү сотко которуудан баш тартканда;
12) ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
13) реабилитациялабоочу негиздер боюнча ага карата жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө соттун айыптоочу өкүмү же токтому мыйзамдуу күчүнө киргенде;
14) судьяны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жазасы колдонулганда;
15) судьянын кызмат орду менен айкалышпаган иштер менен алектенгенде;
16) саясий партияларга мүчө болгондо, ал кайсы бир саясий партияны колдоп чыкканда;
17) Президенттикке, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталганда;
18) Жогорку Кеңешке шайлоолорго катышып жаткан саясий партиянын каттоодон өткөн тизмесине киргенде.";
в) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Судьянын ыйгарым укуктары ушул берененин 11-бөлүгүнүн 14-пунктун кошпогондо, ушул берененин 1 жана 11-бөлүктөрүндө каралган негиздер пайда болгон күндөн тартып Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, ал эми ушул берененин 11-бөлүгүнүн 14-пунктунда каралган учурларда - Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча Президент же Жогорку Кеңеш тарабынан судьяны кызмат ордунан бошотуу жолу менен токтотулат. Ушул берененин 11-бөлүгүнүн 9, 10, 13-пункттарында каралган соттун чечимдери жокко чыгарылган учурда, жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары Президент тарабынан, ал эми Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеш тарабынан кайрадан жаңыртылат.";
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Отставкага кеткендиги тууралуу кат жүзүндөгү арыз ал берилген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.";
15) 271 жана 28-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"271-берене. Судьянын отставкасы
1. Судьянын кызмат ордунан кетиши судьянын отставкасы деп таанылат.
2. Ар бир судья жаш курагына карабастан өз каалоосу боюнча отставкага укугу бар. Эгерде судья катары анын жүрүм-туруму кынтыксыз болуп саналса жана анын ыйгарым укуктары ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүндө, 11-бөлүгүнүн 1, 3, 5, 11, 17, 18-пункттарында каралган негиздер боюнча токтотулган болсо, судья отставкага кетти деп эсептелет.
3. Отставкадагы судьяларга Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген тартипте отставкадагы судьянын күбөлүгү берилет.
4. Эгерде соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен гана билип туруп адилетсиз сот актысын чыгарууда судьянын күнөөлүү экени аныкталбаса, отставкадагы судьянын наамы, судьялык коомдоштукка таандыктуулугу, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда ал айткан пикир жана сот тарабынан кабыл алынган чечим үчүн кол тийбестиктин кепилдиктери отставкадагы судьяда сакталып калат.
5. Судья Кыргыз Республикасынын жарандыгын сактап турганда жана аны жаманатты кылуучу кадамдарга барбаганга, ошол аркылуу сот бийлигинин беделин төмөндөтүүгө жол бербегенге чейин отставкада деп эсептелет.
Судья Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтоткон же аны жаманатты кылуучу кадамдарга барган, ошол аркылуу сот бийлигинин беделин төмөндөтүүгө жол берген учурда, анын отставкада болуусун токтотуунун тартиби жана шарттары Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 138
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111655/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>