28-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 91 (2816) жарыяланды
2. Президент, Жогорку Кеңеш жана Судьялар кеңеши ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен 2 айлык мөөнөттө Тартип комиссиясынын курамынын үчтөн бирин түзсүн.
3. Судьялар кеңеши:
1) Тартип комиссиясынын курамынын үчтөн экиси түзүлгөндөн кийин 10 күндүк мөөнөттө биринчи жыйналышты уюштурсун;
2) 2016-жылдын 11-декабрындагы референдум (бүткүл элдик добуш берүү) менен кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин келип түшкөн кайрылууларды алар келип түшкөн учурда колдонууда болгон ченемдерге ылайык кароону камсыз кылсын.
4. Тартип комиссиясы:
1) биринчи жыйналыш өткөрүлгөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө өзүнүн иш регламентин иштеп чыксын жана бекитсин;
2) 2016-жылдын 11-декабрындагы референдум (бүткүл элдик добуш берүү) менен кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенден кийин келип түшкөн кайрылууларды ушул Мыйзамда белгиленген эрежелер боюнча жана мөөнөттөрдө кароону камсыз кылсын.
5. Ыйгарым укуктуу орган Тартип комиссиясынын ишин камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 3 айдын ичинде ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111654/st-28" title="28-берене - Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>