27-берене. Тартип комиссиясынын ишин уюштуруу жана камсыздоо
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139.
1. Тартип комиссиясынын катчылыгынын функциялары ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлөт.
2. Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган мүчөлөрү өз иштерин коомдук башталышта жүргүзөт жана алардын негизги жумуш орду боюнча эмгек акысы сакталып турат. Мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган мүчөлөр Тартип комиссиясында иштеген убакта өз кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат.
3. Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турбаган мүчөлөрүнө ай сайын материалдык сый акы төлөнөт. Материалдык сый акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өлчөмдө, ыйгарым укуктуу орган тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
4. Тартип комиссиясынын региондордон келген мүчөлөрүнө иш сапарынын чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте төлөнүп берилет.
5. Тартип комиссиясынын ишин уюштуруучулук, материалдык, техникалык жана методикалык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынан финансыланат.
Тартип комиссиясын материалдык, техникалык жана методикалык жактан камсыз кылууну жакшыртуу максатында эл аралык уюмдардын каражаттары тартылышы мүмкүн.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 823 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген…Постановление · 18.12.2017 · № 823
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 823 токтомуПостановление · 18.12.2017 · № 823
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111654/st-27" title="27-берене - Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>