14-берене. Кайрылууну кайтарып берүү
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139.
1. Тартип комиссиясы кайрылууну маңызы боюнча карабастан төмөнкү учурларда кайтарып берет:
1) эгерде ал ушул Мыйзамдын 13-беренесинде каралган талаптарга ылайык келбесе;
2) кайрылуу чакыртып алынганда;
3) эгерде анда сот актысы даттанылса;
4) эгерде анда камтылган талап Тартип комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирбесе;
5) эгерде ал мурда каралса жана ал жаңы жүйөлөрдү камтыбаса.
2. Кайрылууну кайтарып берүү жөнүндө чечим Тартип комиссиясынын жыйналышында кабыл алынат. Кайрылуу комиссиянын төрагасынын же төраганын орун басарынын колу коюлган жүйөлөнгөн кат менен авторго кайтарылат.
3. Кайрылууну ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган негиздер боюнча кайтарып берүү кемчиликтерди жойгондон кийин кайрадан кайрылууга тоскоолдук кылбайт.
4. Кайрылуу ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-6-пункттарында каралган негиздер боюнча кайтарылып берилгенде кайрадан кайрылуу берилген учурда бул кайрылуу каралууга жатпайт.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111654/st-14" title="14-берене - Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>