13-берене. Кайрылуунун формасына жана мазмунуна карата коюлуучу жалпы талаптар
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139.
1. Кайрылуу Тартип комиссиясына кат түрүндө же электрондук почта аркылуу берилет.
2. Жарандардын, юридикалык жактардын кайрылуусу Тартип комиссиясына даттануу түрүндө берилиши мүмкүн. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын кайрылуусу сунуштама түрүндө жол-жоболонот.
3. Кайрылууда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) кайрылуунун авторунун фамилиясы, аты, атасынын аты, юридикалык жактын, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана алардын кызмат адамдарынын аталыштары, даректери, бар болсо - телефон номерлери;
2) үстүнөн кайрылуу түшкөн судьянын фамилиясы;
3) кайрылууда сыпатталган аракеттер жасалган дата жана жер;
4) тартип бузуу жоругунун (сот тартибинде жаза салынуучу кылмыштын, административдик укук бузуунун) жагдайларынын кыскача сыпатталышы;
5) судьянын тартип бузуу жоругун (сот тартибинде жаза салынуучу кылмышты, административдик укук бузууну) жасагандыгы жөнүндө күбөлөндүрүүчү далилдер - алар бар болгондо;
6) кайрылуунун датасы жана автордун колтамгасы.
4. Электрондук почта аркылуу берилген кайрылууда автордун электрондук санариптик кол тамгасы да камтылууга тийиш.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111654/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>