1-берене
Күчүндө · 15.07.2017 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Монополияга каршы мыйзамдардын бузулгандыгы жөнүндө иштерди кароо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) жеке же юридикалык жактын арызы;
2) ыйгарым укуктуу органдын демилгеси.";
2) 17-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ыйгарым укуктуу орган ишти кароонун натыйжалары боюнча кабыл алган чечим (кагаз жүзүндөгү талап) аны кабыл алган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен кызыкдар жактарга жиберилет же аларга кол койдурулуп тапшырылат.";
3) 19-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ыйгарым укуктуу органдын чечимине (кагаз жүзүндөгү талабына) арыз берүүчү жана башка кызыкдар жактар административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу. Административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда ушул абзацта көрсөтүлгөн жактар сотко кайрылууга укуктуу.".
Берененин тексти 15.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111633/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>