Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 15-июлу № 126 "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 29-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Монополияга каршы мыйзамдардын бузулгандыгы жөнүндө иштерди кароо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) жеке же юридикалык жактын арызы;
2) ыйгарым укуктуу органдын демилгеси.";
2) 17-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ыйгарым укуктуу орган ишти кароонун натыйжалары боюнча кабыл алган чечим (кагаз жүзүндөгү талап) аны кабыл алган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен кызыкдар жактарга жиберилет же аларга кол койдурулуп тапшырылат.";
3) 19-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ыйгарым укуктуу органдын чечимине (кагаз жүзүндөгү талабына) арыз берүүчү жана башка кызыкдар жактар административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу. Административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда ушул абзацта көрсөтүлгөн жактар сотко кайрылууга укуктуу.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 18-июлунда № 82 (2807) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндөЗакон · 08.08.2011 · № 149
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.