3-берене. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин 1 жана 6-пункттарынын талаптары жайылтылган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын тизмеги
Күчүн жоготкон · 10.09.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114.
1. Прокуратуранын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин 1 жана 6-пункттарында каралган ыйгарым укуктары төмөнкүлөргө жайылтылат:
1) аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына;
2) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүмдөрүнө;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүмдөрүнө;
4) шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча шайлоо комиссияларынын ишин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүмдөрүнө;
5) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүмдөрүнө;
6) адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын контролдоо боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ишин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) Аппаратына жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүмдөрүнө;
7) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүмдөрүнө;
8) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүмдөрүнө;
9) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүмдөрүнө;
10) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүмдөрүнө;
11) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүмдөрүнө;
12) Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборуна жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүмдөрүнө;
13) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүмдөрүнө;
14) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, мыйзамда аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүмдөрүнө жана мамлекеттик органдарына;
15) ушул беренеде көрсөтүлгөн мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына.
2. Жазык ишин козгоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан төмөнкүлөргө карата кабыл алынат:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясында аныкталган тартипте кызмат ордунан четтетилген Кыргыз Республикасынын Президентине;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына;
3) Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүнө;
5) судьяга;
6) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальнигине;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарынын жетекчилерине;
8) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысына;
9) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасына;
10) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасына;
11) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) жана анын орун басарына.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна карата жазык ишин козгоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басарларынын бири тарабынан кабыл алынат.
3. Кесиптик ишине байланыштуу адвокатка карата жазык ишин козгоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же болбосо анын орун басары тарабынан кабыл алынат.
4. Кызмат адамы, ошондой эле аскер кызматкери статусуна ээ болгон адам тарабынан жасалган кылмыш боюнча жазык ишин козгоо жөнүндө чечим, жазыктык куугунтуктоону кошуп алганда, прокурор тарабынан кабыл алынат.
Берененин тексти 10.09.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111631/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>