2-берене. Изин суутпай издөө ишин, тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдарды көзөмөлдөө
Күчүн жоготкон · 10.09.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114.
1. Жазык процессинин сотко чейинки баскычында адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды так жана бирдей аткаруу, жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү чечүүнүн, кылмыштарды тергөөнүн жана изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруунун мыйзамда белгиленген тартибин сактоо көзөмөлдөөнүн предмети болуп саналат.
2. Прокурор тергөөнү жана изин суутпай издөө ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууда кылмыш тапкан учурда, анын ичинде ал боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим болгондо, караштуулугуна карабастан, аны ыйгарым укуктуу тергөө органына өткөрүп берүү менен жазык ишин козгойт.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурорлору, ошондой эле райондордун прокурорлорунун статусунан төмөн эмес прокурорлор изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамдарды сактоосуна көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 10.09.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-декабрындагы № 671 "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 09.12.2019 · № 671 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111631/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>