12-статья. УИАнын президенти
Күчүн жоготкон · 16.06.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2025 года № 119.
УИАнын президенти УИАнын жалпы чогулушунда УИАнын 70 жаштан улуу эмес анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана мүчө-корреспонденттеринин ичинен жашыруун добуш берүү менен 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам УИАнын президентинин кызмат ордуна катары менен эки мөөнөттөн ашык эмес шайлана алат. УИАнын жаппы чогулушунун шайлоосунун натыйжалары боюнча УИАнын президентинин кызмат ордуна шайланган талапкер Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бир айдын ичинде бекитилет. УИАнын президентин шайлоо жөнүндө жалпы чогулуштун чечими Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилбеген учурда шайлоо жараксыз деп эсептелет. УИАнын президенти:
- УИАнын жалпы чогулушунун жана УИАнын президиумунун ишине жетекчилик кылат;
- УИАга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында, эл аралык уюмдарда, коомдоштуктарда, ассоциацияларда УИАнын атынан чыгат;
- өз иши үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана УИАнын жалпы чогулушуна отчет берет.
УИАнын президентинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- өз арызы боюнча;
- УИАнын жалпы чогулушунун мүчөлөрүнүн тизмелик курамынын үчтөн экисинен кем эмеси тарабынан демилгеленген чакыртып алуусу боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган учурларда;
- жазык жана администрациялык мыйзамдарды бузган учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча.
УИАнын президентинин орду бош болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри УИАнын жалпы чогулушунун сунушу боюнча УИАнын президентинин милдетин аткаруучуну бир жылга чейинки мөөнөткө дайындайт.";
5) 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. УИАны каржылоо УИАнын илимий мекемелерин каржылоо формалары (базалык, максаттуу-программалык жана гранттык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. УИАнын илимий мекемелеринин каржылык каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын;
- атайын арналыштагы фонддордун каражаттарынын;
- жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган чет өлкөлүк жана башка булактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн жана кайрымдуулуктарынын.
УИАнын илимий мекемелерин каржылоо илимий мекемелерди, фундаменталдык жана прикладдык программаларды базалык каржылоону, ошондой эле академиялык илимий инфратүзүмдү каржылык камсыз кылууну кошуп алганда, Илимдин улуттук фондунан өзүнчө сап менен жүзөгө ашырылат. Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн УИАнын илимий мекемелери, айрым окумуштуулары жана окумуштуулардын тобу Илимдин улуттук фондунун гранттарын алуу үчүн конкурстарга катыша алышат. Учурдагы жылдын аягына чейин сарпталбаган атайын каражаттар кийинки жылда пайдалануу үчүн сакталып калат. Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн алынган каржылык каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн каржылоо булактарына (бюджеттик каражаттар, гранттар, насыялар) карабастан, мекеменин жетекчиси, теманын, программанын же долбоордун илимий жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.";
6) 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Эмгекке акы төлөө, социалдык-тиричиликтик маселелерди чечүү УИАнын анык мүчөлөрүн (академиктерин) жана мүчө-корреспонденттерин кошуп алганда, УИАнын кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. УИАнын мүчөлөрүнүн, илимий кызматкерлеринин, адистеринин, тейлөөчү персоналынын социалдык-тиричиликтик маселелерин чечүү үчүн УИА тартылган каражаттардын чектеринде кызматтык маяналарга дифференцияланган үстөктөрдү белгилейт жана аларга материалдык жардам көрсөтөт.".
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111620/st-12" title="12-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>