Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 17.06.2017 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 83-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "жана сот тутумунун" деген сөздөр алып салынсын;
2) 92-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "бийлиги" деген сөз "тутуму" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Пикир келишпестиктер болгондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот тутумунун бюджетинин долбоорун Өкмөттүн кеңешине жиберет. Судьялар кеңешинин өкүлдөрү жана Өкмөттүн кеңеши кезектеги бюджеттик жыл башталганга чейин 7 айдан кечиктирбестен макулдашуу жол-жобосун өткөрүүгө жана аяктоого милдеттүү. Макулдашууга жетишилген учурда, Судьялар кеңеши макулдашылган сунуштарды эске алуу менен сот тутумунун бюджетинин долбоорун жеткире иштеп чыгат жана Өкмөткө киргизет. Макулдашууга жетишилбеген учурда, Судьялар кеңешинин сунуштары жана Өкмөттүн сот тутумунун бюджетинин долбоору боюнча корутундусу бир убакытта Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Тиешелүү жылга республикалык бюджетти түзүүдө сот тутумунун бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн көлөмү Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана мурдагы жылдын бекитилген көрсөткүчтөрүнөн төмөн болушу мүмкүн.";
3) 107-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Учурдагы каржылык жылга сот тутумун каржылоого мыйзам менен каралган бюджеттик каражаттарды секвестрлөөгө Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.".
Берененин тексти 17.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111617/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>