91-берене. Коопсуздук кеңешинин ыкчам жана жумушчу кеңешмелери
Күчүндө · 20.05.2022 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 мая 2022 года № 34
1. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун башкаруу чечимдерин, анын ичинде ыкчам же кечиктирилгис мүнөздөгү башка чечимдерди кабыл алууну талап кылган маселелерди талкуулоо үчүн Коопсуздук кеңешинин айрым мүчөлөрүнүн катышуусу менен анын ыкчам жана жумушчу кеңешмелери өткөрүлүшү мүмкүн.
2. Коопсуздук кеңешинин ыкчам жана жумушчу кеңешмелерин Коопсуздук кеңешинин Төрагасы алып барат.
Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча ыкчам жана жумушчу кеңешмелер Коопсуздук кеңешинин катчысынын жетекчилиги астында өткөрүлүшү мүмкүн.
3. Коопсуздук кеңешинин ыкчам жана жумушчу кеңешмелери, эгерде аларга анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.
4. Коопсуздук кеңешинин ыкчам жана жумушчу кеңешмелеринде чечимдер Коопсуздук кеңешинин катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протоколдор менен таризделет.
5. Коопсуздук кеңешинин ыкчам жана жумушчу кеңешмелерине мамлекеттик органдардын жетекчилери жана башка адамдар чакырылышы мүмкүн.
(КР 2022-жылдын 20-майындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.05.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
91-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111608/st-91" title="91-берене - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>