27-берене. Транспорттук каражаттарды пайдаланууда көмөк көрсөтүү
Күчүндө · 08.04.2023 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык чукул жардам көрсөтүү максатында, көмөктөшүүчү субъекттер же алардын атынан чыгуучулар тарабынан эл аралык жана жергиликтүү персоналдарды, товарларды, жабдуу предметтерин же жабдууларды ташуу үчүн пайдаланылуучу, кургактагы же абадагы транспорт каражаттары:
1) жолдо жүрүүдө жана зарылдык болгон учурда абада учуу маршруттарын салууда жана конууга уруксат алууда артыкчылыктан пайдаланат;
2) төлөмдөрдөн, анын ичинде аймак үстүнөн учуп өтүү, учуп чыгуу, конуу, токтоп туруу жыйымдарынан, туруп калгандык үчүн навигациялык жыйымдардан, темир жол бекеттеринде жана жүк түшүрүү жайларында вагондордун туруп калгандыгы үчүн жыйымдардан, жол жыйымдарынан бошотулат;
3) улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти жана саламаттыкты сактоону камсыз кылуу максатында зарыл болгондордон башка, келүүсүнө, учуп өтүүсүнө, конуусуна, жүрүүсүнө жана кайра кетүүсүнө карата бардык тыюу салуулардан, чектөөлөрдөн жана тоскоолдуктардан бошотулат.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"Редакцияларды салыштыруу
17.11.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…белгиленген тартипте эл аралык чукул жардам көрсөтүү максатында, алынып салынды: укукка ээлик кылган кошулду: көмөктөшүүчү субъекттер же алардын атынан чыгуучулар тарабынан эл аралык жана … тыюу салуулардан, чектөөлөрдөн жана тоскоолдуктардан бошотулат.
кошулду: (КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-февралындагы N 50-т (Түркия Республикасынын аймагына гуманитардык жүктөрдү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар…Распоряжение · 11.02.2023 · № 50-р
- "Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча көмөктөшүү тобу жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-апрелиндеги № 197…Положение · 24.04.2024 · № 197
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111607/st-27" title="27-берене - Эл аралык чукул жардам жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>