Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Түркия Республикасынын аймагына гуманитардык жүктөрдү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курама куткаруу отряддарын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык кызматкерлерин жөнөтүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 11-февралы № 50-т 2023-жылдын 6 жана 7-февралында Түркия Республикасынын аймагында болгон жер титирөөлөрдүн натыйжасында жабыр тарткан калкка гуманитардык жардам жеткирүү, ошондой эле авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди аткаруучу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин биргелешкен куткаруучулар отрядын күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 27-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте Түркия Республикасынын жабыр тарткан калкы үчүн гуманитардык жардамды (улуттук боз үй жана башка түрдө) чогултууну камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Түркия Республикасынын аймагында талаа госпиталын ачуу үчүн дары каражаттары (таңуучу материалдары) менен тиешелүү медициналык персоналды бөлүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги белгиленген тартипте:
1) гуманитардык жүктү чогултууну жана Түркия Республикасына коштоочу адамдар менен жеткирүүнү камсыз кылсын;
2) авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүдө жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин биргелешкен куткаруучуларынын кошумча отряддарын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык персоналын көрсөтүлгөн иштер аяктаганга чейин Түркия Республикасына жиберсин;
3) Түркия Республикасында куткаруу иштерин аткаруу үчүн көчмө техниканы, чакан механизация каражаттарын жана атайын жабдыктарды сатып алууну ыкчам камсыз кылсын;
4) гуманитардык жүктү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин биргелешкен отряддарын Түркия Республикасына жөнөтүүгө байланышкан иш жүзүндөгү чыгымдардын эсебин түзсүн жана бардык ырастоочу документтери менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен биргеликте гуманитардык жүктү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин биргелешкен куткаруучулар отряддарын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык персоналын жөнөтүү үчүн аба кемелерин аныктасын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы жана "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча):
1) жерде акысыз негизде тейлөөнү, жүктөрдү иштеп чыгууну, ошондой эле Түркия Республикасына гуманитардык жүктөрдү жеткирүүнү камсыз кылуучу аба кемелерин аэродромдук-техникалык жана аэронавигациялык камсыз кылууну аэропорттук жыйымдардан бошотууну камсыз кылсын;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги аныктаган авиакомпанияларга 180 тонна өлчөмүндөгү күйүүчү-майлоочу материалдарды (авиациялык керосинди) бөлүп берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги:
1) ушул тескеменин 5-пунктунда көрсөтүлгөн "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна күйүүчү-майлоочу материалдарды (авиация керосинди) толтуруп берсин;
2) гуманитардык жүктөрдү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин биргелешкен отряддарын Түркия Республикасына жөнөтүүгө байланышкан иш жүзүндөгү чыгымдардын эсебин түзсүн жана бардык ырастоочу документтери менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескеменин 3 жана 6-пункттарынан келип чыгуучу акча каражаттарын карасын.
8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы гуманитардык жардамды жеткирүү маршрутун жана ордун иштеп чыксын жана Түркия Республикасы менен макулдашсын, ошондой эле ушул тескеменин 3-пунктунда көрсөтүлгөн гуманитардык жүктү жана коштоочу адамдарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте белгиленген тартипте:
1) Түркия Республикасынан Кыргыз Республикасына кетүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин тактасын;
2) Түркия Республикасында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо жана аларга жардам көрсөтүү жөнүндө маселени иштеп чыксын жана сунуштарды киргизсин.
10. Тартылган мамлекеттик органдардын ишин координациялоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.
11. Бул тескемеден келип чыккан иш-чараларды ишке ашыруу тартылган министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат.
12. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
13. Бул тескеме 2023-жылдын 10-февралынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Эл аралык чукул жардам жөнүндөЗакон · 17.06.2017 · № 104
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 16.01.2024 · № 15
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.