12-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин функциялары жана ыйгарым укуктары
Күчүндө · 08.04.2023 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында келип чыккан чукул кырдаалга реакция жасоо үчүн негизги жоопкерчиликти тартат.
2. Көмөктөшүүчү субъекттердин ролу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин аракеттерин толуктоодо жана кеңейтүүдө турат.
3. Кыргыз Республикасы эл аралык чукул жардамды жүзөгө ашырып жаткан көмөктөшүүчү субъекттердин ишин коргоону кепилдейт жана камсыз кылат.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде аракеттенген эл аралык персоналдын корголушун жана коопсуздугун камсыз кылат.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эл аралык чукул жардам жаатында төмөнкүдөй функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын эл аралык гуманитардык иш-аракетинин артыкчылыктуу багыттарына ылайык, чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
2) көмөктөшүүчү субъекттерге укуктук жана транзиттик жеңилдиктерди берүү тартибин аныктайт;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык гуманитардык иш-аракетинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат, бул иш-аракеттин артыкчылыктарын жана негизги багыттарын аныктайт;
4) эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер менен өз ара мамилелерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылат;
5) ушул Мыйзамдын негизинде, эл аралык чукул жардам көрсөтүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды чыгарат;
6) эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер тарабынан сунушталган долбоорлор, гранттар жана программалар боюнча чечимдерди чыгарат, алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү уюштурат;
7) Кыргыз Республикасынын эл аралык чукул жардам жаатындагы мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"Редакцияларды салыштыруу
17.11.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн кошулду: Министрлер Кабинетинин функциялары жана ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында келип чыккан чукул кырдаалга реакция … тартат.
2. Көмөктөшүүчү субъекттердин ролу Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн кошулду: Министрлер Кабинетинин аракеттерин толуктоодо жана кеңейтүүдө турат.
3. Кыргыз Республикасы … ишин коргоону кепилдейт жана камсыз кылат.
4. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде аракеттенген эл аралык персоналдын корголушун жана коопсуздугун камсыз кылат.
5. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети эл аралык чукул жардам жаатында төмөнкүдөй функцияларды жана ыйгарым … эл аралык чукул жардам көрсөтүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
2) алынып салынды: эл аралык көмөктөшүүчү субъекттерге укуктук кошулду: жана транзиттик жеңилдиктерди алынып салынды: берүүнүн кошулду: берүү тартибин аныктайт;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык гуманитардык … мониторинг жүргүзүүнү уюштурат;
7) Кыргыз Республикасынын кошулду: эл аралык чукул жардам жаатындагы мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат.
кошулду: (КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111607/st-12" title="12-берене - Эл аралык чукул жардам жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>