30-берене. Колдонмо илимий изилдөөлөрдү, долбоордук-конструктордук жана технологиялык иштерди өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо жана алардын натыйжаларын өндүрүштө пайдалануу
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2023 года № 170.
1. Өндүрүштү реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу үчүн жаңы техниканы жана технологияны түзүүгө, өздөштүрүүгө жана кеңири таркатууга багытталган колдонмо инновациялык изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар келишимдик негизде жүргүзүлөт.
2. Илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча колдонмо илимий изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бюджеттик каражаттардын эсебинен финансылык колдоо көрсөтөт.
3. Мамлекет өндүрүштүн техникалык деңгээлин жана продукциянын сапатын ички жана тышкы рыноктун талаптарына ылайык жогорулатууга, ресурс сактоочу экологиялык коопсуз технологияларды жана техниканын жаңы түрлөрүн курууга жана өздөштүрүүгө, ойлоп табууларды пайдаланууга көмөк көрсөтөт.
4. Өнүккөн илимий-техникалык потенциалы бар илимий жана илимий-техникалык уюмдар менчигинин формасына карабастан, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык аларга максаттуу кредиттерди жана субсидияларды, мамлекеттик заказдарды жана экономикалык дем берүүнүн башка түрлөрүн берүү жолу менен колдоого алынат.
5. Мамлекет илимий изилдөөлөрдүн кадыр-баркынын коомдук таанылуусуна, эмгектин жана квалификациянын сапатына жараша материалдык жана моралдык дем берүү системасын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөт.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111606/st-30" title="30-берене - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>