29-берене. Илимдин улуттук фонду
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2023 года № 170.
29-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 29-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Илимдин, техниканын жана инновациялардын өнүгүүсүн камсыз кылуу, келечектүү иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүү үчүн Илимдин улуттук фонду түзүлөт.
2. Илимдин улуттук фондунун каражаттары төмөнкүлөргө жумшалат:
1) фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды жана илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча максаттуу илимий изилдөөлөрдү каржылоого;
2) илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин, илимий жамааттардын жана уюмдардын илимий изилдөөлөрүнө гранттарды каржылоого;
3) тармактар аралык илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди өнүктүрүүнү колдоого;
4) илимдин жана техниканын келечектүү жана жаңы багыттары боюнча илимий кадрларды, анын ичинде кадрларды чет өлкөдө даярдоо программаларын ишке ашырууга;
5) илимий жана илимий-техникалык маалыматтарды жарыялоого, алууга жана камсыз кылууга (журналдар, электрондук материалдар ж.б.);
6) илимий форумдарды (конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды жана башкаларды) өткөрүүгө жана катышууга.
3. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарга, менчигинин формасына карабастан жогорку окуу жайларына, илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерге, алардын жамааттарына Илимдин улуттук фондунун каражаттарынын эсебинен грант алуу үчүн конкурска катышууга тең жеткиликтүүлүк камсыз кылынат.
4. Илимдин улуттук фонду жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111606/st-29" title="29-берене - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>