22-берене. Улуттук, мамлекеттик жана мамлекеттер аралык илимий-техникалык программалар
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2023 года № 170.
1. Улуттук илимий-техникалык программалар Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жараша түзүлөт жана маанилүү социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүгө багытталат.
2. Мамлекеттик илимий-техникалык программалар улуттук программаларды ишке ашыруунун негизги каражаты болуп саналат.
3. Мамлекеттик илимий-техникалык программалар илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актыларга ылайык конкурстук негизде тандалып алынган максаттуу долбоорлордун жана иштеп чыгуулардын негизинде түзүлөт жана ишке ашырылат.
4. Мамлекеттик илимий-техникалык программалардын ар бири боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аны ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон мамлекеттик органды, илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аныктайт.
5. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасы мамлекеттер аралык илимий-техникалык программаларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111606/st-22" title="22-берене - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>