21-берене. Илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик артыкчылыктарын аныктоо
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2023 года № 170.
1. Илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары учурдагы кырдаалды талдоонун натыйжаларын жана мамлекеттик экспертизанын, көз карандысыз эксперттердин жана коомдук талкуунун корутундуларын пайдалануу менен, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана илимий-техникалык өнүктүрүүнүн комплекстүү божомолунун негизинде аныкталат.
2. Мамлекеттик органдар илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн ар бир артыкчылыктуу багыты боюнча тиешелүү илимий жана илимий-техникалык уюмдар менен бирдикте илимдин жана техниканын тиешелүү багытын өнүктүрүүнүн концепциясын, ошондой эле күтүлүүчү натыйжаларды жана аткаруунун конкреттүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен аны ишке ашыруу планын иштеп чыгат.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111606/st-21" title="21-берене - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>