24-берене. Ветеринардык палатанын компетенциясы
Күчүндө · 03.03.2023 редакциясы
Ветеринардык палатанын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген, Ветеринардык палатанын реестринде каттоо үчүн зарыл болгон минималдуу талаптарга жактардын квалификациясынын ылайык келишине баа берүү;
2) минималдык квалификациялык талаптарга ылайык келүүчү, ветеринардык практика менен алектенүүчү жактарды акы төлөнүүчү негизде каттоо/кайра каттоо жана алардын реестрин жүргүзүү;
3) жеке ветеринардык врачтар жана параветеринардык адистер тарабынан ветеринардык врачтардын Кесиптик этика кодексинин ченемдеринин сакталышын контролдоо;
4) өз компетенциясынын чектеринде мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, эл аралык жана башка уюмдарга Ветеринардык палатанын ишине тиешелүү маселелер боюнча кеңеш берүү.";
6) 25-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жеке ветеринардык практика менен алектенүү укугуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте Ветеринардык палатанын реестринде катталган ветеринардык врачтар жана параветеринардык адистер ээ болот.";
7) 26-беренеде:
а) берененин аталышында "ветеринардык врачтардын" деген сөздөр "жактардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды келишимдик негизде аткарууга;";
8) 30-беренеде:
а) берененин аталышы "ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактардын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-бөлүгү "ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу адамдар" деген сөздөрдөн кийин "жана жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактар" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 2-бөлүгү "ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактардын" деген сөздөр менен толукталсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ветеринардык палатанын реестринде каттоосуз жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111597/st-24" title="24-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>