2-берене
Күчүндө · 03.03.2023 редакциясы
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 11, 939-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органы;";
2) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) ветеринардык практиканы жөнгө салуу жаатындагы эрежелерди, жоболорду жана нускамаларды бекитүү.";
3) 6-берененин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тизмекке ылайык келишимдик негизде ветеринардык практикага укугу бар жактарга ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү;";
4) 19-берененин 4-бөлүгүнүн 10-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 23-24-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органы
1. Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органы (мындан ары - Ветеринардык палата) - өзүн өзү башкаруу принциптеринде иштеген жана өлкөдө жеке ветеринардык практиканы жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу коммерциялык эмес уюм.
2. Ветеринардык палата ветеринардык практиканы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана Ветеринардык палатанын Уставында аныкталуучу тартипте жөнгө салат.
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 175
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111597/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>