8-берене. Лотереяны өткөрүүгө карата жалпы талаптар
Күчүндө · 28.02.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49
1. Лотереялык терминалдар кесиптик лотереяны уюштуруучуга менчик укугунда таандык болууга тийиш.
2. Кесиптик лотереяны өткөрүү үчүн пайдаланылуучу лотереялык маалыматтарды иштеп чыгуу борбору Кыргыз Республикасынын аймагында болууга тийиш.
Лотереялык маалыматтарды иштеп чыгуу борбору маалыматтарды жоголуудан, уурдалуудан, бурмалоодон, жасалмалоодон, аны жок кылуу, модификациялоо, көчүрмөлөө боюнча санкциясыз иш-аракеттерден коргоону камсыз кылууга тийиш.
3. Ушул Мыйзамга ылайык уруксат берүүчү документтерсиз Кыргыз Республикасынын аймагында кесиптик лотереяларды уюштурууга жана мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереяларды өткөрүүгө тыюу салынат.
4. (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Лотерея шарттары төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) лотереянын аталышын;
2) лотереянын көрүнүшүн сыпаттоону;
3) лотереяны уюштуруучунун турган ордун көрсөтүү менен анын аталышын, банктык реквизиттерин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин;
4) лотереяга катышуу эрежелери жана байге фондундагы оюндардын натыйжалары жөнүндө лотереянын катышуучуларына маалымат берүү тартибин;
5) лотереяны өткөрүү мөөнөттөрүн;
6) лотереяга катышуу эрежелерин;
7) лотереялык билеттердин баасын (ставкаларын);
8) лотереялык билеттерди таратуу тартибин (лотереяга катышуу укугун бышыктаган документтерди), лотереялык ставкаларды кабыл алууну;
9) байге фондун түзүү тартибин, анын түзүмүн жана көлөмүн;
10) байге фондун утуштар боюнча бөлүштүрүүнү;
11) ойнотууларды өткөрүү тартибин;
12) утуштарды алуу тартибин.
6. Бизнес-план төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) сыпаттама бөлүктү - рыноктун абалын, маркетингдик изилдөөлөрдүн натыйжаларын, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жана тенденцияларды, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн негизди;
2) эсептик бөлүктү - инвестициялык жана кредиттик пландарды, пайда-чыгымдардын эсебин, финансылык көрсөткүчтөрдү, салыктарды төлөөнү.
7. Лотереялык билетте төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) лотереянын аталышы жана түрү;
2) логотип;
3) лотереяны уюштуруучунун почта (юридикалык) дареги;
4) лотереяны уюштуруучунун телефон номерлери, электрондук дареги жана интернет-сайтынын дареги;
5) ойнотууну өткөрүү шарттары;
6) тираждын (ойнотуунун) номери, өткөрүүнүн датасы жана убактысы;
7) билеттин баасы.
8. Кагаз лотерея билеттеринде кеминде коргоонун алтыдан кем эмес даражасы болушу керек, алардын тизмеги колдонулуучу технологияларга жараша өзгөрүлүшү мүмкүн.
Электрондук лотерея билеттери аппараттык-программалык каражаттар менен талаптагыдай түрдө корголууга тийиш.
9. Электрондук лотереяны өткөрүүдө лотереянын катышуучусу ушул берененин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар менен талаптагыдай түрдө таанышып чыгууга тийиш.
(КР 2021-жылдын 29-июлундагы № 89 , 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 июля 2021 года № 89 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О лотереях""Редакцияларды салыштыруу
28.02.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана кызыктыруучу лотереяларды өткөрүүгө тыюу салынат.
4. алынып салынды: Лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн лотереянын уюштуруучусу (мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереяларды кошуп алганда) ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди тапшырат:
1) лотереяны өткөрүү шарттарын;
2) бизнес-планды (мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереяларды кошпогондо);
3) лотереялык билеттердин коргоо даражаларын сыпаттоону (кызыктыруучу лотереяларды кошпогондо).
кошулду: (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Лотерея шарттары төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) лотереянын … түрдө таанышып чыгууга тийиш.
(КР 2021-жылдын 29-июлундагы № 89 алынып салынды: Мыйзамынын кошулду: , 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Айрым мыйзам актыларына лицензиялоону жүзөгө ашыруу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 22.03.2016 · № 24
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111586/st-8" title="8-берене - Лотереялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>