Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-берене. Ипотекалык турак жайды насыялоону жана турак жай курулушун мамлекеттик колдоо
Күчүндө · 01.12.2021 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ипотекалык турак жайды насыялоого жеңилдетилген ипотекалык насыялоо программаларын белгиленген тартипте ишке ашыруу жана киргизүү жолу менен мамлекеттик колдоону көрсөтөт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу боюнча программаларды ишке ашыруу максатында ипотекалык турак жайды насыялоого жана турак жай курулушуна мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтөт.
3. Ипотекалык насыялоону жана турак жай курулушун мамлекеттик каржылык колдоо төмөнкүлөрдүн эсебинен берилет:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын.
4. Ипотекалык жабуу менен камсыз кылынган ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жүгүртүү мамлекеттик колдоо менен жүзөгө ашырылат.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик ипотекалык турак жай насыялоосуна төмөнкү формаларда катышат:
1) программаларды иштеп чыгууну, бекитүүнү жана ишке ашырууну уюштуруу жана катышуу;
2) кезектеги каржылык жылга мамлекеттик ипотекалык турак жайды насыялоо тутумун өнүктүрүүгө республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каражаттарды аныктоо жолу менен программаларды кошо каржылоо мүмкүнчүлүгү.
6. Мамлекеттик ипотекалык насыялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик колдоонун чыгашаларын каржылоо кезектеги каржылык жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамында жыл сайын каралуучу каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 01.12.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111580/st-6" title="6-берене - Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>