Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары жана милдеттери
Күчүндө · 01.12.2021 редакциясы
1. Ушул Мыйзамдын максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жарандардын турак жайга укугун жүзөгө ашыруу;
2) жарандардын турак жайга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу жолу менен аларды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу;
3) жеңилдетилген ипотекалык насыялоо программаларын ишке ашыруу жана киргизүү;
4) жарандар үчүн ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
5) турак жай курулушун өнүктүрүү;
6) мамлекеттик турак жай программаларын ишке ашырууда мамлекеттик колдоо;
7) жарандардын турак жайга укуктары жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгү;
8) жарандардын турак жайга укугун ишке ашырууга таасир көрсөтүүчү чечимдерди кабыл алуунун бардык процесстерине жарандардын катышуусун камсыз кылуу.
2. Ушул Мыйзамда белгиленген максаттарга жетишүү төмөнкү милдеттерди ишке ашыруунун эсебинен камсыз кылынат:
1) ипотекалык насыялоону өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
2) жеңилдетилген ипотекалык насыя боюнча пайыздык ставкаларды белгилөө;
3) узак мөөнөттүү ипотекалык насыялоо тутумун өнүктүрүү;
4) жарандардын турак жай шарттарын жакшыртууда мамлекеттик колдоонун моделдерин иштеп чыгуу;
5) жарандардын турак жай шарттарын жакшыртууда мамлекеттик колдоонун механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
6) турак жай чөйрөсүн узак мөөнөттүү ипотекалык насыялоо үчүн каржы ресурстарын тартуу;
7) заманбап материалдарды колдонуу жана жаңы технологияларды киргизүү менен өлкөнүн бардык региондорунда турак жайларды куруу;
8) ипотекалык турак жай курулушунун, экономикалык класстагы турак жайлардын көлөмдөрүн өнүктүрүү жана көбөйтүү;
9) мамлекеттик-жеке өнөктүк механизмди пайдалануу менен турак жайларды куруунун долбоорлорун ишке ашыруу;
10) жеткиликтүү ипотекалык насыялоонун шарттары жөнүндө маалыматтык камсыз кылууну уюштуруу;
11) ипотекалык насыяларды берүү, аларды тейлөө, каржылоо жана кайра каржылоо боюнча ишти кошуп алганда, турак жай чөйрөсүндөгү кыймылсыз мүлк рыногуна финансылык-насыялык мекемелердин ишин кеңейтүү;
12) Кыргыз Республикасынын жарандарынын турак жай шарттарын жакшыртуу;
13) жер участокторун инженердик жана жол инфратүзүмү менен камсыз кылуу;
14) экономикалык класстагы турак жайларды куруунун долбоорлорун ишке ашыруу.
Берененин тексти 01.12.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111580/st-5" title="5-берене - Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>