2-берене. Терминдер жана аныктамалар
Күчүндө · 01.12.2021 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 декабря 2021 года № 144
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) турак жай - туруктуу жашоо үчүн арналган жана пайдаланылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык, санитардык жана башка милдеттүү талаптарга жооп берген турак жай фондунун өзүнчө бирдиги (жеке турак үй; жеке турак үйдүн бир бөлүгү; көп батирлүү үйдөгү батир);
2) мамлекеттик ипотекалык турак жайды насыялоо программасы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгуучу жана ишке ашырылуучу ченемдик документ, анын максаты Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жарандардын жеке каражаттарынын жана узак мөөнөттүү насыялардын эсебинен калктын турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясынын натыйжалуу иштөөчү тутумун түзүү болуп саналат;
3) ипотекалык турак жайды насыялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган -мамлекеттик турак жай программаларын ишке ашыруу иш предметтеринин бири болуп саналган ачык акционердик коом формасында түзүлгөн юридикалык жак;
4) инвестициялык акча каражаттары - турак жайларды сатып алууга же курууга Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик ипотекалык насыяларды берүү үчүн финансылык-насыялык мекемелер тарабынан берилүүчү каражаттар;
5) катышуучу - ипотекалык турак жай насыясына катышкан Кыргыз Республикасынын жараны;
6) жеткиликтүү турак жай - мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан сатып алынуучу турак жай;
7) мамлекеттик ипотекалык насыя - мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында, сатып алынуучу турак жайды күрөөгө коюу менен финансылык-насыялык мекемелер тарабынан инвестициялык акча каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү, мамлекеттик колдоосу бар узак мөөнөттүү насыя. Турак жайларды сатып алууга же курууга мамлекеттик ипотекалык насыяларга Кыргыз Республикасынын жарандары улуттук валютада алган максаттуу насыялар кирет. Инвесторлордун/эл аралык донорлордун/кредиторлордун каражаттарынын эсебинен, ошондой эле инвесторлордун/эл аралык донорлордун/кредиторлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү ипотекалык насыялардын шарттары жана параметрлери өзүнчө келишимдер/макулдашуулар менен жөнгө салынат;
8) ыйгарым укуктуу органдын турак жай фонду - органдын жеке менчиги болуп саналган турак жайлардын жыйындысы;
9) экономикалык класстагы турак жай - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү программаларда каралган критерийлерге жооп берүүчү турак жай;
10) базалык ставка - тартылган акча ресурстарынын наркын, банктар өзүнө алуучу, кредиттер боюнча төлөбөй коюу тобокелдиги үчүн коммерциялык банктарга төлөнүүчү пайызды, ыйгарым укуктуу органдын ресурстарынын наркын өзүнө камтыган мамлекеттик ипотекалык насыя боюнча жыйынды пайыздык ставка;
11) (КР 2021-жылдын 9-августундагы № 95 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2021-жылдын 9-августундагы № 95, 2021-жылдын 1-декабрындагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.12.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 декабря 2021 года № 144 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном ипотечном жилищном кредитовании""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 августа 2021 года № 95 "О внесении изменений в Кыргызской Республики «О государственном ипотечном жилищном кредитовании»"Редакцияларды салыштыруу
01.12.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…турак жай программаларынын алкагында, сатып алынуучу турак алынып салынды: жайдын күрөөсү алдында кошулду: жайды күрөөгө коюу менен финансылык-насыялык мекемелер тарабынан инвестициялык акча каражаттарынын эсебинен алынып салынды: финансылык-насыялык мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына алынып салынды: берилүүчү кошулду: берилүүчү, мамлекеттик колдоосу бар узак мөөнөттүү насыя. Турак жайларды сатып алууга же курууга мамлекеттик ипотекалык насыяларга Кыргыз Республикасынын жарандары алынып салынды: тарабынан улуттук валютада алынып салынды: алынган кошулду: алган максаттуу насыялар алынып салынды: кирет;
кошулду: кирет. Инвесторлордун/эл аралык донорлордун/кредиторлордун каражаттарынын эсебинен, ошондой эле инвесторлордун/эл аралык донорлордун/кредиторлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү ипотекалык насыялардын шарттары жана параметрлери өзүнчө келишимдер/макулдашуулар менен жөнгө салынат;
8) ыйгарым укуктуу органдын турак жай фонду - органдын жеке менчиги … 95 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2021-жылдын 9-августундагы № алынып салынды: 95 кошулду: 95, 2021-жылдын 1-декабрындагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111580/st-2" title="2-берене - Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>